Бараандуу, бирок карапайым акын эле

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте маркум публицист жана акын-котормочу Алым Токтомушевди (1947 - 2014) эскерүү кечеси өткөрүлдү. Белгилүү публицист жана акын-котормочу Алым Токтомушев быйыл 70 жашка чыкмак. 20-октябрда акындын замандаштары, шакирттери, окурмандары Бишкекте чогулуп, маркумду эскерүү кечесин өткөрдү. Адабий-музыкалуу аземде залкар таланттын өмүрү жана чыгармачылыгы туурасында баяндамалар, эскерүүлөр айтылды. Ырлары окулуп, обондуу ырлары жаңырды.