Грузияда бийликчил партия жергиликтүү шайлоодо жеңди  

Тбилисинин мэри болуп мурдагы футболчу Каха Каладзе шайланды.

"Азаттык" радиосунун орус кызматы билдиргендей, Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, ишембидеги шайлоодо миллиардер Бидзина Иванишвилинин "Грузин кыялы" башкаруучу партиясы башкалаада жана өлкө боюнча алдыга озду.

Оппозициячыл маанайдагы мурдагы президент Михаил Саакашвилинин "Бирдиктүү улуттук кыймылы" бийликчил партияга атаандаш боло алган жок. Тбилиси шаарынын мэри болуп белгилүү футболчу, мурдагы энергетика министри Кахи Каладзе шайланды.

"Грузин кыялы" башкаруучу партиясынын лидерлеринин бири Кахи Каладзе добуштардын 51 пайыздан ашыгын алып, биринчи турда эле утуп чыкты.Тбилисинин бардык мажоритардык округдарында бийликчил партиянын талапкерлери алдыга чыкты. Алар добуштардын 53 пайыздан ашыгын, ал эми Саакашвилинин кыймылы 18 пайызга жакынын алды.

Грузияда өзүн-өзү башкарган беш шаардын төртөөндө мэр шайлоо өттү, анын үчөөндө бийликчил партиянын талапкери биринчи турда утса, Кутаисиде гана экинчи айлампа өтмөй болду.