Бразилия менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык жана расмий кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык режимди жокко чыгаруу боюнча макулдашуу түзүлдү.
Документти бекитүү тууралуу мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, макулдашууга быйыл 26-апрелде Бишкекте кол коюлган. Аны Жогорку Кеңеш 21-сентябрда кабыл алган.
Келишимге ылайык, анык дипломаттык жана расмий кызматтык паспорттордун ээлери Бразилияга кирүү, чыгуу, транзит менен өтүүдө токсон күндөн ашпаган мөөнөткө виза алуу талаптарынан бошотулат.