Бишкекте уролог менен андрологдор бир апта бою акысыз текшерүү жүргүзөт

Кыргызстандык уролог

Бишкек шаарында 23-октябрдан 1-ноябрга чейин “Эркектердин саламаттыгынын жумалыгы” өтүп, анда уролог жана андрологдор эркектерди акысыз текшерип, консультация берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова билдирди.

Баялинованын билдиришинче, акция Бишкекте Республикалык урология илимий борборунун базасында 09:00дон 15:00гө чейин өтөт. 12:00дөн 13:00гө чейин тыныгуу. Уролог жана андрологдордун кабыл алуусуна облустук ооруканалардын урология бөлүмдөрүнөн да келүүгө болот.

Буга чейинки ушундай акцияларда эркектер көбү импотенциядан жабыркай тургандыгы аныкталган. Ошондой эле дарыгерлер эркектердин тукумсуздугу кыйла өскөнүн, 55 жаштан жогору 70 пайыз эркектер заара кылуудан жабыркарын аныкташкан. Адистердин айтымында, бул көйгөй адамдын эрте өлүмүнүн негизги себептеринин бири болгондугуна карабастан, алардын 8% гана дарыгерлерге кайрылат. (ErN)