Бишкекте карызын төлөбөгөн 1800 абоненттин жарыгы өчүрүлдү

Электр карыздын өлчөмүнө карап эмес, аны өз мөөнөтүндө төлөнбөгөнүнө байланыштуу өчүрүлөт.

“Түндүкэлектр” ишканасы бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарындагы карызын өз убагында төлөбөгөн 1800 абоненттин электр жарыгын дистанциондук түрдө өчүрдү.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган ишкананын басма сөз катчысы Гуля Мураталиева билдирди. Анын билдиришинче, бул абоненттердин баарынын карызын биригип санаганда 8,5 млн сомдон ашып кеткен.

Маалым болгондой, абоненттерге коюлган “акылдуу электр эсептегичтер” аларды алыстан эле өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эгер абоненттер карызын “Түндүкэлектр” ишканасына келип же терминалдардан төлөсө аларга электр жарыгы кайра дароо автоматтык түрдө туташтырылат.

Мураталиева ырастагандай, жарык карыздын өлчөмүнө карап эмес, аны өз мөөнөтүндө төлөнбөгөнүнө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек шаарында “Түндүкэлектр” ишканасынын 235 миңден ашуун абоненти бар. (ErN)