Мадумаров: Талапкерлер башын катып жатканы өкүндүрөт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Ал азыркы бийликке, системага макул эместерди биригип күрөшүүгө чакырды жана “Макул эмесмин” аттуу кыймыл түзүшү мүмкүн экенин айтты. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча парламенттеги оппозиция пикирин айта алган жок деп сындады.