Канадада "Магнитский мыйзамы" күчкө кирди

Орусиялык адвокат Сергей Магнитский

Канадада “коррупциялашкан чет өлкөлүк аткаминерлердин курмандыктары” тууралуу мыйзам күчүнө кирди.

“Магнитский мыйзамы” деген атка конгон документти парламенттин эки палатасы тең жактырган. Анда Канада бийлиги адам укуктары жана коррупция кылмыштарына тиешеси бар деп эсептеген адамдардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынат жана банк активдерин колдонууга чектөө киргизилет деп айтылган.

Парламенттеги угуулар маалында бул мыйзам биринчи кезекте Орусия, Венесуэла, Иран, Вьетнам жана Мьянманын чиновниктерине тиешелүү деп белгиленген.

Орусиянын Оттавадагы элчилиги бул чечимди "рационалдуу эмес" деп атады. Буга чейин Москва "Магнитский мыйзамын" кабыл алууну жоопсуз калтырбасын жана санкцияларга туш болгон канадалыктардын тизмесин кеңейтерин эскерткен.