Кыргызстандын муфтийи дүйнөлүк фатва берүү катчылыгына мүчө болду

Максатбек Токтомушев

Бүткүл дүйнөлүк фатва берүү катчылыгынын диний аалымдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы - муфтий Максатбек Токтомушевди өздөрүнө мүчөлүккө кошту. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Мүчөлүккө кабыл алуу Египеттин борбору Каир шаарында өтүп жаткан "Фатванын стабилдүүлүктү сактоодогу ролу" аттуу эл аралык конференциянын алкагында өттү.

Муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиевдин айтымында, Дүйнөлүк фатва берүү катчылыгынын курамы Ислам борборлорунун жетекчилеринен, муфтийлерден жана дүйнөдөгү фатва берүү мекемелеринин мүчөлөрүнөн куралган. (ErN)