Атамбаев: Таластыктар, мени укпасаңар да, Манасты уккула

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев 18-октябрда жогорку окуу жайлардын алдыңкы студенттери менен жолугушууда Манасты билүүгө чакырды жана Таластагы элдин жыйыны тууралуу сөз кылды. 16-октябрда Талас шаарындагы облустук бийлик имаратынын алдында шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон 500-700дөй адам митинг өткөрүшкөн. Алар менен өкмөттүн облустагы өкүлү Дайыр Кенекеев жолугушкан.