Кытайда Компартиянын курултайы башталды

Си Цзинпин Компартия курултайынын ачылышында сүйлөөдө. 18-октябрь, 2017-жыл.

Ар бир беш жылда бир өтүүчү жана 24-октябрга чейин созулуучу курултайга 2000ден ашуун делегат катышууда.

Кытай компартиясынын курултайы быйыл 19-ирет өтүп жатат.

Анда Компартиянын эң жогорку жана чечим кабыл алуучу органы – Саясий бюронун Туруктуу комитетинин жаңы мүчөлөрү тандалат.

Президент Си Цзинпин бүгүн курултайдын ачылышында сүйлөгөн учурунда Кытай “жаңы доор” үчүн “заманбап социалисттик мамлекетке” айланарын убада кылды.(UE)