Таластагы "Манас Ата Сапат" лицейинин ууланган окуучулары ооруканадан чыкты. Бул тууралуу облустук биргелешкен оорукананын башчысы Шаршенбек Жумашалиев "Азаттык" радиосуна билдирди.
16-октябрь күнү түнкү саат 11де аталган лицейдин алты окуучусу ичи ооруп жатканын айтып, ооруканага кайрылышкан. Ал эми 17-октябрда кечки саат алты чамасында дагы беш окуучу ооруканага жаткырылган.
"Сапат" билим берүү мекемесинин басма сөз катчысы Лаура Исабаева уулануунун себеби азырынча белгисиз экенин "Азаттык" радиосуна билдирген.
"Сапат" билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1993-жылдан бери иштейт. Учурда өлкө боюнча элүүдөн ашуун окуу жайлары бар. "Сапаттын" бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматтарда, эл аралык уюмдарда жана дүйнөлүк компанияларда иштеп жатышат. (AlS/КЕ)