Камактагы өзбекстандык журналисттин энеси президентке кайрылды

Бобомурод Абдуллаев

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын абагында үч аптадан бери отурган 44 жаштагы журналист Бобомурод Абдуллаевдин апасы Гавхаржон Мадаминова президент Шавкат Мирзиёевге кайрылып, уулунун ишин жеке көзөмөлүнө алууну суранды. Ал абактагы уулунун абалына тынчсызданууда.

Ташкенттик көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев 27-сентябрда кармалган. Ошондон бери тергөөчүлөр аны апасына көрсөтө элек.

27-сентябрда Ташкентте көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев "мурдагы жана учурдагы президенттерден бийликти тартып алууга" аракет жасаган деген негизде камакка алынган.

Тергөөнүн алдын ала тыянагына караганда, 44 жаштагы журналист "Усман Хакназаров" деген ысым менен интернетке макалаларды жарыялап, шайланган жетекчилерден бийликти тартып алууну пландаштырган.

Абдуллаевге коюлган айып далилденсе, Өзбекстандын мыйзамына ылайык, 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.