Ысык-Көлдө 9 ай ичинде жол кырсыгынан 78 адам каза тапты

Кыргызстандагы кырсыктар

Ысык-Көл облусунда 9 ай аралыгында 339 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 78 адам каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтканына караганда, кырсыктардын келип чыгышына көбүнчө айдоочулардын жол эрежелерин сактабаганы, ылдамдыкты чегинен ашыруусу жана каршы тилкеге өтүп кетүүсү себеп болууда.​

Талдоонун жыйынтыгы жол кырсыктарынын 60% жай мезгилинде болгонун көрсөткөн дейт Усубакунов.

Кыргызстан жол кырсыктары көп катталган өлкөлөрдүн бири. (AsM)