Кыргызстандын Башкы штабынын У.А. аттуу подполковниги кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан кармалды. Анын маңзат менен колго түшкөнү айтылууда. Бул маалыматты Башкы штабдын басма сөз катчысы Темир Токталиев “Азаттык” радиосуна ырастады.
- Андай маалымат бизде да бар. Азыр иликтөө иштери бүткөнгө чейин эч нерсе деп айта албайбыз.
Маалыматка караганда, подполковникти 15-октябрда “Ак жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинен Казакстандын чек арачылары кармаган. Ал “Бузулбаган боордоштук-2017” аттуу ЖККУнун биргелешкен машыгуусуна катышып келаткан. Анын баш коргоо чарасын Казакстандын Кордай райондук соту карайт.
Кыргызстандын Башкы штабы бул боюнча өзүнчө кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. (КЕ)