Женевада Тоолуу Карабактын маселеси талкууланды

Серж Саргсян менен Ильхом Алиев. Женева шаары, 16-октябрь, 2017-жыл

Армения менен Азербайжандын президенттери Женевадагы жолугушууда Тоолуу Карабактагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөштү.

Серж Саргсян менен Ильхам Алиевдин сүйлөшүүлөрү ЕККУнун Минск тобунун жетекчилиги алдында жүрдү. Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлеринин жана Минск тобунун башчысынын жолугушуусунан кийин жасалган билдирүүдө "Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү" деп айтылган. Анда "Президенттер сүйлөшүү процессин жандантууга жана аймакта чыңалууну азайтуу үчүн кошумча чараларды көрүүнү макулдашканы" айтылган.

Минск тобунун теңтөрагалары узак тыныгуудан кийин жүргүзүлгөн бул сүйлөшүүлөргө канааттанган баа беришип, мындан ары да Тоолуу Карабак чатагын тынч жол менен жайгаруу үчүн кызматташууга даярдыгын билдиришти.

Армян президенти Серж Саргсяндын маалымат катчысы Владимир Акопян эки мамлекет башчылары жеке да сүйлөшкөнүн Твиттерге жазды.

Азербайжан жана Армения ортосунда Тоолуу-Карабак жаңжалы тутанганына чейрек кылым болуп калды. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттер азырынча майнап бере элек.