Мальтада коррупцияны иликтеген журналист набыт болду

Дафне Каруана Галиция

Журналисттин унаасы үйүнөн чыгары менен жарылган. Жарылуунун себеби азырынча белгисиз. The Times of Malta басылмасы жарылуудан бир нече күн мурун журналист коркутуулар болуп жатканын полицияга билдиргенин жазды.

Журналист Дафне Каруана Галиция "Панама кагаздары" маалыматтар боюнча өлкөнүн премьер-министри Жозеф Мускаттын үй-бүлөсүн коррупцияга айыптап жазган.

Премьер-министр Жозеф Мускат Каруана Галициянын өлүмүн "жапайы кол салуу" деп айыптап, АКШнын Федералдык иликтөө бюросун бул окуяны иликтөөгө көмөктөшүүнү өтүнгөнүн маалымдады.

Өткөн жылы иликтөөчү-журналисттердин эл аралык консорциуму бир нече мамлекеттердин жогорку бийликтеринин коррупциялык иши тууралуу "Панама кагаздары" аталыштагы маалыматтарды жарыялаган.

Каруана Галиция бул документтерге таянып, Мальта өкмөт башчысынын жубайы Азербайжан бийлигинен акча алган офшордук компанияны жетектейт деп билдирген.