Назарбаев Жээнбековду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын президенттигине шайлануусу менен куттуктады. Президент Назарбаев куттуктоо телеграммасында Жээнбековдун жетекчилиги менен Кыргызстан өнүгүү жолунда жаңы ийгиликтерге жетишерине ишеничин билдирген.

"Мен Казакстан менен Кыргызстандын кызматташтыкка негизделген мамилеси мындан ары да өнүгө берерине ишенем" деп бекемдеген казак президенти Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековго ден соолук, жаңы кызматында ийгилик, ал эми бир тууган кыргыз элине ачык асман жана өсүп-өнүгүү кааларын билдирген.

Бул тууралуу Акорданын сайтында жазылды.

Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын президенти болуп шайланышы менен 16-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин да куттуктаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 15-октябрдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56 пайызга жакыны катышты. Алдын ала жыйынтыкка караганда, 917 миңден ашуун добуш менен Кыргызстан социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты. Бул жалпы добуш бергендердин 54% түзөт.

Жээнбековдун атаандаштары бул шайлоодо административдик ресурс колдонулганын, добуш сатып алуу, шайлоочуларды коркутуу орун алганын белгилеп жатышат.(ZKo)