Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр бар

Чек арадагы "Ак-Жол" чек ара бекетинде 150 чакты киши Казакстанга кирүүгө кезек күтүп турушат. Бул бекетте автоунаа тыгыны жок. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Ал эми "Ак-Тилек", "Чоң-Капка", "Чалдыбар" чек ара бекеттеринде жөө адамдардын тыгыны жок. "Ак-Тилекте" жүк ташуучу унаалардын тыгыны бар. "Чоң-Капкада" жүзгө жетпеген, ал эми "Чалдыбарда" жыйырмага жетпеген жүк ташуучу унаалар Казакстанга кирүүгө кезек күтүп, тизилип турушат.

10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев шайлоо бүткөндөн кийин да чек арадан өтүү жөнөкөйлөбөсө ЕАЭБнын чукул жыйынын чакырууну талап кыларын бүгүн билдирди.

Кыргызстан менен Казакстан ЕАЭБге мүчө. (ZKo)