Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы №2186 шайлоо участогунда мушташ чыкпаганын облустук ИИБ басма сөз кызматынан “Азаттык” радиосуна билдиришти.
Бир нече убакыт мурун ушул участокто мушташ чыкты деген маалымат тараган. Бирок бул багытта милицияга эч бир тараптардан кайрылуу келген эмес. Болгону участоктун сыртында айрым тараптардын ортосунда пикир келишпестик орун алган.
Абалды жеринде милиция көзөмөлгө алууда.
Облуста 426 шайлоо участогу жайгашып, 595 миң шайлоочу катталган. Учурда 1000ге чукул милиция, 600дөй элдик кошуунчу коомдук коопсуздукту сактоо максатында добушканаларда иштеп жатат. (RsK)