Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр көбөйдү

Кыргыз-казак чек арасы. 10-октябрь, 2017-жыл

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Салкын Абдикариеванын "Азаттыкка" маалымдаганы боюнча, "Ак-Жол" чек ара бекетинде 14-октябрда кезек күткөндөрдүн саны 350дөн ашты. Алардын баары кыргыз чек арасынан өтүп, "жашыл аймакта" кезек күтүшүүдө.

- Кечки саат 18:00ге карай автоунаалардын эң узун кезеги "Ак-Тилек" чек арасында байкалды. Бул жерде 200дөн ашуун жеңил жана жүк ташуучу унаалар чек арадан өтө албай турушат. "Ак-Жол" бекетинде 70-80 чамалуу, "Чалдыбар" бекетинде отуздай жеңил жана жүк ташуучу унаалар чек арадан өтө албай турушат. Ошондой эле "Чоң-Капка" бекетинде да 60-70 киши жана жүздөй унаалар да чек арадан өтө албай турушат.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезек күтүшкөн. Өкмөт башчынын тапшырмасы менен жергиликтүү бийлик чек арадан алыс эмес жерге чатыр тигип, ысык тамак уюштурган.

Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырган. Казакстандын Чек ара кызматы “пландуу чек ара операциясы” жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өткөрмө бекеттен жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү, товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн жарыялаган.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп сындаган. (ZKo)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кордай: күйгөн билет, чириген жемиш