Шайлоо күнү жылуу болот

15-октябрда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде бир аз жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 18-23;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23;

Баткенде түнкүсүн 7...12, күндүз 18...24;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23;

Нарын облусунда түнкүсүн -1...4, күндүз 14...18 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкекте 15-октябрда күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 7...9, күндүз 21...23 градуска чейин жогорулайт.