Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында мүмкүнчүлүгү чектелүү жана башка бир нече категориядагы жарандар шайлоо участокторунан тышкары добуш берип жатышат. БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматовдун "Азаттык" радиосуна маалымдашы боюнча, 15-октябрда болуучу президенттик шайлоодо участоктон тышкары добуш берүү жөнүндө арыз менен 22 ми 821 жаран кайрылган
- Алардын үйлөрүнө жана башка жерлерге участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, байкоочулар, мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери менен чогуу барып, добуш берүүнү уюштурууда. Бүгүн добуш берилген көчмө үкөктөрдөгү бюллетенден 15-октябрда, добуш берүү аяктагандан кийин гана автоматтык эсептөөчү үкөктөргө кошулуп, чогуу жыйынтыгы чыгарылат.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча акыркы тизмеге 3 млн 25 миң 770 шайлоочу катталган. Булардын ичинен 314 миң жаран форма №2 менен шайлоого катышары кабарланган.(ZKo)