Орусиялык маданият ишмерлер Али Ферузду колдогон видео тартышты

"Новой газетнын" кабарчысы өзбек журналисти Али Феруз (Худоберди Нурматов).

Орусиялык маданият ишмерлер “Новая газетанын” автору Али Ферузду колдогон видео тартышты.

Журналист эки айдан бери чет элдиктерди убактылуу кармоо жайында жатат. Роликти музыкант Андрей Макаревич, жазуучу Дмитрий Быков, режиссер Михаил Угаров тарткан. Аларга укук коргоочу Ольга Романова, жарандык активист Ильдар Дадин ж.б. кошулган.

Август айында орус соту Али Ферузду миграциялык мыйзамды бузду деген негизде Өзбекстанга которуу чечимин чыгарган. Адам укугу боюнча Европалык сот бул чечимди токтоткон болчу. Журналист Орусиянын бийликтеринин ага саясий башпаанек берүүдөн баш тартканына макул эмес. Феруздун кесиптештери жана укук коргоочулар Өзбекстанда аны кыйноо күтүп жатат деп эсептешет. (ST)