Сабакка барбай жаңгак терген окуучулар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Сузак районунун тоолуу аймактарындагы айрым мектептерде жаңгак теримге байланыштуу окуулар үзгүлтүккө учурады. Окуучулар менен айрым мугалимдер жаңгак терүүгө кетип, бош мектептерди бир-экиден мугалим күзөттө калып кайтарууда. Райондук билим берүү бөлүмү менен ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө кызматкерлери окуунун токтогону тууралуу кабарсыз.