Дональд Трамп 13-октябрда Иранга байланыштуу кескин билдирүү жасап, өзөктүк макулдашуу АКШ элинин улуттук кызыкчылыгына төп келбесин айтары күтүлүүдө. Бул тууралуу Ак Үйдөгү атын атагысы келбеген кызматкерлерге таянып жергиликтүү маалымат каражаттары билдирүүдө.
Президент сөзүндө Иран өзөктүк келишимдин маңызын сактабай жатканын дагы белгилеп, буга Тегерандын ракеталык программасын, Сирия президенти Башар Асадды жана "Хезболла" баштаган экстремисттик топторду колдоосун мисал келтирери күтүлөт.
Ушул эле сөзүндө Конгресске Ирандын Жакынкы Чыгыштагы агрессиясына каршы чара көрүүгө чакырары да күтүлүүдө. Бирок Трамп санкцияларды кайра кайтарууну талап кылбасын белгилешет маалымат бергендер. Анын ордуна Конгрессти Тегеран үчүн жаңы, катаалыраак эрежелерди иштеп чыгууга чакырышы ыктымал. Ал эми Иранга кайра санкцияларды салуу ошол эрежелердин аткарылганына көз каранды болмокчу.
Иран менен дүйнөдөгү бакубат алты өлкө 2015-жылы келишимге жетишкен. Ага ылайык Тегеран өзөктүк программасын кыскартып, Батыш экономикалык санкцияларын жоймок болгон.
Андан кийин бийликке келген Дональд Трамп бул келишимди сынга алып келет. Ал эми Тегеран сындарды четке кагат.