Түркия Орусиядан учурда жасалып жаткан С-500 зениттик ракеталык комплексин да алууга кызыкдар экенин билдирүүдө. Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган 13-октябрда билдиргенин жергиликтүү медиа маалымдоодо.
Өткөн айда эле Түркия Орусиядан С-400 үлгүсүндөгү зениттик ракеталарды аларын жарыялаган.
"Орусия президенти Владимир Путин менен С-400дө эле токтоп калбайбыз деп сүйлөштүк. С-500 боюнча да сүйлөшүү болду", - дейт Эрдоган.
Түркия НАТОго мүчө. Ал эми Украина жана Сириядагы кризистен улам Орусия менен НАТОнун мамилеси учурда чыңалган абалда. Ушундай шартта Анкаранын Москвадан курал алышын айрым батыш өлкөлөрү альянсты мазактоо катары баалоодо.
13-октябрда Кремл Сауд Арабиясына да С-400 ракеталарын сатуу келишими түзүлгөнү калганын билдирди.
Бул жарыялар АКШ Мамдепартаменти ушул жумада Сауд Арабиясына ракетага каршы коргонуучу THAAD системасын сатуу ыктымалдыгын колдогондон кийин чыгууда.