"Кордай" аркылуу өтүү жеңилдей баштады

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр

Кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" бекети аркылуу адамдардын жана автоунаанын казак тарапка өтүшү жеңилдеп калды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна алыска оор жүк ташып иштеген айдоочулар бирикмесинин өкүлү Максатбек Дүйшеев билдирди:

- Бейшемби күнү күндүз 65тей оор жүк ташыган автомашина өттү. Түндө 4кө чейин чек арада туруп, абалга көз салдык. Түнкүсүн деле 50дөй машина өткөрүштү. Жеңил машиналар да кетип жатат. Акырындап коё берип жатышат.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, "Ак тилек", “Чалдовар” жана “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын Казакстанга өтүшү кыйындаган. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезекке туруп, оор жүк ташыган автоунаалардын саны да өскөн. (RK)