Чек ара кызматы: көзөмөл-өткөрмө бекеттерде кезек күткөндөр байкала элек

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекети.

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, 12-октябрда кечки саат 19.00гө карата кыргыз-казак чек арасында элдин топтолуусу байкала элек.

Маалыматка караганда, "Ак жол", "Ак-Тилек", "Чоң-Капка" өткөрмө бекеттеринен башка жайларда транспорт каражаттардын агымы азайды. Ал эми аталган үч бекетте жалпысынан 70-100 чакты машине турат.

Мекеме кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде абал туруктуу экенин, чек ара тартибин бузган учурлар катталбаганын кошумчалады. (NT)