Чек арада жол азабын тарткандар
12-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” өткөрмө бекетинде автоунаалардын тыгыны азайган жок. Ал жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысына чек арадан жарым саатта бирден автоунаа өткөрүлүп жатканын айдоочулар кабарлашты. Айрымдары 10-12 сааттан бери турушканын айтышса, оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары жүктөп бараткан мөмө-жемиштери чирип кетерин айтып, сарсанаа болушууда.
Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн эртең менен тараткан маалыматка караганда, казак тарап 11-октябрда кечки саат 23:00дө көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандарды өткөрүү жол-жобосун жеңилдеткен. Анын натыйжасында кезекте турган жарандар бир жарым сааттын ичинде койо берилген. Бүгүн, 12-октябрда эртең мененки саат 8:00дөн баштап казак тарап жарандарды өткөрүү процедурасын кайра жайлатып, мунун айынан “Ак жол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде жарандардын узун кезеги байкалууда.
11-октябрда премьер-министр Сапар Исаков Евразиялык экономикалык кеңештин Сочидеги жыйынынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалды сүйлөшкөн. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада жаралган бардык маселелерди чечүүнү тапшырганы кабарланган.