АКШнын бул эң ири штатынын губернатору Жерри Браун штаттын түндүк жана түштүк райондорунда өзгөчө абал жарыялады. Өрттөн кеминде 23 кишинин өмүрү кыйылгандан тышкары жүздөгөн киши дайынсыз жоголду, миңдеген адам үй-жайсыз калды.
8-октябрдын түнүндө тутанган өрттүн себептери азырынча расмий аныктала элек. Бийликтер бул электр зымдарынын жерге кулашынан улам болушу мүмкүн деп жатышат.
Үч күндөн бери уланып жаткан өрттөн 20 миңдей адам үй-жайын таштоого да аргасыз болду, Калифорниянын белгилүү вино талааларынын кеминде 13ү талкалады.
Аталган штатта буга чейинки эң ири токой өртү 1933-жылы катталган экен. Анда 29 кишинин өмүрү кыйылган. (UE)