31 жаштагы эненин өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлиги Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун тургуну Жылдыз Төрөбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүрүзүүдө. Бул тууралуу министрликтин башкы адиси Раиса Асылбашева “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, ишти иликтөөгө тартип коргоо органдары да тартылды.

- Төрөт кесарева операциясы менен болгон. Баланын салмагы 4 кило 885 грамм, бою 54 см төрөгөндөн алты күндөн кийин үйүнө чыгат, эки күндөн кийин температурасы көтөрүлүп, Чаткалдагы дарыгерлерге келип, кийин Ала-Букага которулат. Жакшы болбогондуктан Ош облустук ооруканага жиберилип, ошол эле күнү көз жумган. Азыр комиссия иштеп жатат. Анын жыйынтыгы чыкмайынча биз башка нерсе айта албайбыз.

Асылбашеванын айтымында, бул Төрөбекованын үчүнчү баласы болгон. Анын жакындары эненин өлүмүнө дарыгерлерди айыптап жатышат. Ымыркайдын абалы жакшы.

Расмий маалымат боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанда 34 эне өлүмү катталган. (КЕ)