Түрк президенти Сербияга келди

Түрк лидери Эрдоган (солдо) жана серб президенти Александр Вучич.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эки күндүк иш сапары менен Сербияга келди. Аны 10-октябрда Белградда серб президенти Александр Вучич тосуп алды. Эрдоган менен кошо 185 бизнесмен да келип, серб ишкерлери менен жолугушууларды өткөрөт.

Эрдогандын бул сапарында Түркиянын көгүлтүр от долбооруна жана Белград-Сараева жолунун курулушуна катышуусу талкууланаары кабарланган.

Түрк лидери бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүленге байланышы бар уюмдарды жабуу маселесин да көтөрөт деп күтүлүүдө.

Эрдоган Белграддан мурда Украинанын борбору Киевде президент Петро Порошенко менен жолугуп, Түркия Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдоону уланта берерин, Крымдын аннексиясын тааныбай турганын айткан.