Калифорниядагы өрт 10 адамдын өмүрүн алды

АКШнын Калифорния штатындагы токойлордо жекшембиде тутанган жалындан кеминде 10 киши каза тапты. Жүздөгөн турак-жайларды өрт чулгап, 20 миңден ашык киши эвакуацияланды.

Катуу шамал өрттүн жайылышына өбөлгө түзүүдө. Штаттын губернатору Жерри Браун бир нече аймакта чукул кырдаал жарыялады. Вице-президент Майк Пенс кырсыктан жабыркаган жерге барып, тилсиз жоонун кесепеттерин жоюуга жардам берүү буйругун берди. Учурда бийлик өрттүн себебин иликтеп жатат.

Быйыл эле Калифорнияда токойдо чыккан өрт 7 миң 700 жолу катталган.