"Кызыл чырым" уюму Ооганстандагы миссиясын кыскартат

Эл аралык уюм Ооганстанда 30 жылдан бери иш алып барып келет.

Эл аралык уюм Ооганстанда 30 жылдан бери иш алып барып келет.

Эл аралык "Кызыл чырым" уюму бул өлкөдөгү ишмердүүлүгүн кескин кыскартарын билдирди. Буга быйыл эле Ооганстанда уюмдун жети кызматкеринин өлтүрүлүшү себеп болгон.

"Кызыл чырым" тараткан билдирүүдө согуш токтобой жаткан мамлекетте иш алып барган гуманитардык уюмдардын коопсуздугу коркунучта экени белгиленет.

"Биздин кызматкерлер туш болуп жаткан тобокелчиликтер олуттуу тынчсызданууну жаратууда. Ошол себептен кызматкерлерибиздин санын кескин кыскартууга аргасызбыз. Комитет бул өлкөдө өз ишмердүүлүгүн толук жыйынтыктабайт"-деди уюмдун Ооганстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Моника Занарелли дүйшөмбүдө Кабулдагы маалымат жыйында.

Ал кошумчалагандай, бул чечимдин жыйынтыгында өлкө түндүгүндөгү Мазари-Шариф жана Кундуз провинцияларындагы "Кызыл чырымдын" бөлүмдөрү жабылат же кыскартылат.

Комитет Ооганстанда 30 жылдан бери иш алып барып келет.