"Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Боом капчыгайында атайылап таш кулатуу иштери жүрөт. Түрдүү кырсыктарды алдын алуу максатында ушул күндөрү саат 9.00-15.00 аралыгында жол маал-маалы менен жабылат.
Жолдогу чектөөгө ИИМдин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөл кылат.
Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери күндүз жана жаан-чачынсыз күндөрү жүргүзүлөт.(ZKo)