Жумакадыров менен коштошуу зыйнаты
“Темир Жумакадыровдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы мекендештердин эч кимисин кайдыгер калтырган жок, ал жаңы муундагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сап башында болчу” деп билдирди кечээ “Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылы. Саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер кирген кыймылдын кайрылуусунда “Темир Жумакадыров 2017-жылдагы президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча өкмөттүн штабынын жетекчиси катары биз менен тыгыз иштешип келген" деп жазылат.
Маркум вице-премьер-министр, Республикалык шайлоо штабынын башчысы, 38 жаштагы Темир Жумакадыров менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы 7-октябрда таңкы саат 7:30да Бишкек-Чалдыбар жолунун 36-чакырымында, Москва районунун Садовое айылында “КамАЗ” менен кагылышкан. Жол кырсыгынан үчөөнүн тең өмүрү кыйылды. Өкмөт алар Талас облусундагы шайлоо түйүндөрүнүн даярдыгын текшерүү үчүн баратканын маалымдады. Жумакадыровдун артында үч кызы, Нурлан Жамгырчиев менен Нурбек Мукановдун артында бирден жаш балдары калды.