Түндүк Кореянын лидери эжесин партиялык жетекчиликке тартты

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын айыл чарбасын кыдырган учур. Сүрөт 21.09.2017-ж. таркатылды, бирок качан тартылганы белгисиз.

Корея Элдик Демократиялык Республикасынын лидери Ким Чен Ын өзөктүк курал анын өлкөсүнүн эгемендигине кепилдик берген «кармап туруучу кубаттуу фактор» экенин билдирди. Бул тууралуу Түндүк Кореянын маалымат каражаттары жекшембиде кабарлашты.

Ишембиде (7-октябрда) өткөн Кореянын Жумушчу партиясынын жыйынында Ким Чен Ын өлкө «эл аралык кыйын кырдаалга» кептелгенин белгилеген жана өзөктүк курал Корей жарым аралы менен Түндүк-Чыгыш Азиядагы коопсуздукту камсыздоочу «фактор» экенине токтолгон.

Бийликтеги жалгыз партиянын жыйынында Ким Чен Ындын эжеси Ким Йо Чен Саясий бюрого мүчөлүккө талапкер болду. Түштүк Кореянын басылмалары Ким Чен Ындын эжеси Ким Гон Хэнинин ордун баса турганын жазып чыгышты. Ким Гон Хэ мурдагы лидер Ким Чен Ирдин тушунда мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда негизги адамдардын бири болгон.

АКШ Ким Йо Ченди башка түндүк кореялык лидерлер менен катар эле «кара тизмеге алган».

Түштүк Кореянын маалымат каражаттары расмий Пхеньяндын башкаруучу коммунисттик партиянын жетекчилигинде маанилүү өзгөртүүлөрдү жасаган кадамы - учурдагы абалдан чыгуу үчүн жаңы саясатчылардын муунун башкарууга тартуу аракети деп түшүндүрөт.