9-октябрда өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундугуна 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө жана Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 7...12, күндүз 17...22;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20;
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19 жылуу болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11 градус суук болсо, күндүз 2...7 жылыйт.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундугуна 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6°, күндүз 17…19° жылуу болот.