Атамбаев: Шайлоодон кийин Кыргызстанды эскилерден тазалайм

Алмазбек Атамбаев

"Менин президенттик мөөнөтүмдүн бүтөрүнө бир жарым ай калды. Бирок президенттик мөөнөтүм бүткөнгө чейин мен Кыргызстанды уурулардан тазалап кетем", - деген оюн президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында сыйлыктарды тапшыруу учурунда билдирди.

- Буйруса 1-декабрга чейин тазалап берем баарын. Мындан ары ачык айтайын эч кимди аябайм. Буларды аясаң башыңа чай кайнаткысы келет экен. Ошондуктан буларды кыргыз элинин тузу, наны урсун!

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага 13 талапкер катталган. (SDz)