Жол кырсыгында каза тапкан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун сөөгү 9-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Торалиева билдирди.
Ал Жумакадыров менен коштошуу зыйнаты 9-октябрда Кыргыз улуттук драма театрында өтөрүн кошумчалады.
Бүгүн таңкы саат 7:30дарда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бараткан «Тойота Ландкрузер» автоунаасы “КамАЗ” менен бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктан каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жанында жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов болгон. Кырсык автоунаадагы үчөөнүн тең өмүрүн алып кеткен.
Өкмөттөн вице-премьер-министр Таласка иш сапары менен баратканын маалымдашты.
Жумакадыров Республикалык шайлоо штабын 21-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна келип, жетектеп баштаган. Ал ушул жылдын август айында премьер-министр Сапар Исаковдун министрлер кабинети менен кошо коопсуздук жаатындагы вице-премьер-министр болуп дайындалган. Ага чейин Коопсуздук кеңешинин катчылыгын аркалап келген.
"Азаттык" радиосунун жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. (SDz)