Түркмөнстандын абактарында мурдагы эки чиновник каза тапты

Поран Бердыев.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, "Түркмөн мунай" мамлекеттик корпорациясынын мурдагы төрагасы Сапармаммед Велиев менен мурдагы улуттук коопсуздук министри Поран Бердыев абакта кайтыш болду. Маалыматка караганда, алардын сөөгү ар кайсы убактарда туугандарына берилген.

Маркумдар Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурад Ниязовдун тушунда жогорку кызматтарда иштеген.

Велиев 2005-жылы 24 жылга соттолгон. Камакка алышкандан кийин аны туугандарына жолуктурган эмес. Поран Бердыев да 2004-жылы 25 жылга кесилгени кабарланган.