Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын шайлоо штабынын башчысы Леонид Волков камактан чыгарылды.
29-сентябрда "макулдашылбаган коомдук иш-чарага" элди чакырышканы үчүн Москвада Навальный, андан 400 чакырым ыраактагы Нижний Новгороддо Волков кармалган. Бирок экөөнүн ишин борбордогу сот карап, 20 суткадан камак жазасын чегерген эле.
- Менин ишимди Москвада кароого эч кандай укуктук негиздер жок болчу. Сыягы кийин Жогорку Соттун жазасын аларын түшүнүп, кайра Нижний-Новгородго жөнөтүштү окшойт. Мен ушинтип чечмелейм, - деп Волков "Азаттыктын" орус кызматына билдирди.
Ал ошондой эле штаб башчы катары ишин уланта берерин белгиледи. Навальныйдын командасы 7-октябрда элди бүткүл орусиялык каршылык акцияларына чакырышкан.
Ал эми Москва, Санкт-Петербург, Калуга, Кемерово, Воронеж жана Томск шаарларынын бийликтери ал акцияларды өткөрүүгө тыюу салды.