Алматыда кырсыктаган учактын кара кутусу Москвага жөнөтүлдү

иллюстративдүү сүрөт

Казакстандагы учак кулаган жерден табылган маалыматтар боюнча экспертиза Москвада жүргүзүлөт. Бул тууралуу 4-октябрда кырсыктын себептерин иликтөө комиссиясынын жетекчиси Роман Скляр билдирди.

Алматыдан Чимкент шаарына учкан Ан-28 учагы 3-октябрдын кечинде Алматыдан алыс эмес жерде кырсыктап, ичиндеги беш киши тең өлгөн. Алардын экөө кыргызстандык экени белгилүү болгон.

Комиссия жетекчисинин маалыматы боюнча, 1990-жылы чыккан учактын учууга жарактуулугу тууралуу сертификатынын мөөнөтү 2018-жылы жайында аяктамак. Скляр иликтөө аяктагандан кийин анын жыйынтыктары расмий жарыяланарын кошумчалады.

Мурдараак Алматы эл аралык аэропортунун коопсуз учуулар боюнча инспекциясынын башчысы Виктор Аушев учактын учуу маалыматтары өрттөн жабыркаганын билдирген.