Жумакадыров: Алимжановдун иши көзөмөлгө алынат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Вице-премьер-министр, шайлоону уюштуруу боюнча штабдын жетекчиси Темир Жумакадыров “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасында Дурбек Алимжановдун иши көзөмөлгө алынарын айтты. 3-октябрь күнү НТС телеканалынан өзүн Дурбек Алимжанов деп тааныштырган адам Ош бажысынын кызматкери Зафар Айдаровдун кишилери тарабынан сабалганын айтып чыккан.