Эксперттер талдайт: коопсуздук

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Азаттык” үналгысы 15-октябрдагы президенттик шайлоону утурлай жаңы долбоорун улантууда. Бул долбоордун алкагында президенттикке талапкерлердин программалары эксперттердин катышуусунда талданып, талкууланат. 4-октябрда талапкерлердин коопсуздук жаатындагы программалары талдоого алынды. Ага эксперт катары мурдагы баш прокурор, коомдук-саясий ишмер Кубатбек Байболов, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана саясий илимдердин кандидаты, талдоочу Орозбек Молдалиев катышты.