Каталонияда миңдеген адамдар иш таштап, жүрүшкө чыгышты

Барселона

3-октябрда Барселонада миңдеген адамдар иш таштап, жөө жүрүшкө чыгышты. Аларга калаадагы мамлекеттик кызматкерлер да кошулду. Профсоюз мекемелеринин өкүлдөрүнүн билдиришинче, буга референдум күнкү адам укуктарынын жана эркиндиктеринин чектелиши себеп.

Иш таштоого байланыштуу калаадагы метро станциялары, ири азык-түлүк базары баш болгон мекемелер бош турду. Акция катышуучулары шаардын негизги көчөлөрүн ээлешип, аймактагы алты кан жолдогу каттам үзгүлтүккө учурады.

"Барселона" футбол клубу да жүрүштү колдоп, машыгуусун токтото турду.

1-октябрда Каталония автономиясында Испаниядан бөлүнүп, өз алдында мамлекет болуу үчүн референдум өткөн. Ал күнү полициячылар добуш берүүгө келген элди шайлоо тилкелерине жолотпой, ур-тепкиге алышкан.