Памирлик кыргыздардын балдарын Нарынга алып келип окутуу каралууда.
Бул маселе Нарын облустук администрациясында түзүлгөн атайын жумуш тобунун кезектеги жыйынында талкууланды.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызынын "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, аларды алып келүүдө коопсуздугун камсыз кылуу, медициналык кароодон өткөрүү жана көзөмөлгө алууну уюштуруу боюнча тийиштүү мекеме жетекчилери маалымат беришти.
Ушул айда Нарынга элүү памирлик кыргыз келет деп пландалып жатат. Алардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша окутуу методикасын жана окуу планын иштеп чыгуу боюнча билим берүү тармагынын адистери даярдык иштерин жүргүзүүдө.
Кыргыз өкмөтү этникалык кыргыздар менен ишин “Кайрылман” программасынын алкагында жүргүзөт.
Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памир өрөөндөрүн байырлаган кыргыздардын саны 2003-жылы 5 миңдей болсо, азыр 1,5 миңдин тегерегинде гана калды. Медициналык тейлөөнүн жоктугу, туугандар арасында бири бирине үйлөнгөндөр эне-баланын өлүмүнүн эң жогорку көрсөткүчүн шарттоодо.
Деңиз деңгээлинен 4,5-5 миң метр бийиктиктеги өрөөндө жашаган кыргыздар тууралуу маалымат кеңири коомчулукка негизинен ал жакка барып келгендердин фотокөргөзмөлөрү, документалдуу тасмалары аркылуу тараган. (MiK)