Атамбаев: Туруктуулукка жетише алдык

Алмазбек Атамбаев Ысык-Атанын тургундары менен жолугушууда

"Кыргызстан туруктуулукка жетишкен, экономикасы ырааттуу өсүп жаткан, энергетикалык жактан көз каранды эмес, армиясы бекем өлкөгө айланды" деп билдирди бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун активи жана коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда.

Президент өлкөнүн келечеги кең экенине терең ишенерин айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Атамбаев мектеп, оорукана, спорттук жай жана бала бакчалардын курулушу, пенсиялык системанын реформасы, дыйкандарга жеткиликтүү насыя берүү маселелерине байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Атамбаев өлкө башчысы болуп 2011-жылы шайланган. Быйыл 1-декабрда анын президенттик мөөнөтү аяктайт. (RK)