"Азаттык" Үркүндүн 100 жылдыгына арналган эскерүүлөр топтомун чыгарды

"Азаттык" радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган “Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын” деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарды.

Китеп "Үркүн элдин эсинде" жана "Окумуштуулар Үркүндүн изи менен" деген эки бөлүмдөн турат.

"Бир заматта калкты чачыранды кылып, биротоло жок кыла жаздаган Улуу Үркүн ондогон жылдар бою айтылбай келген, көзү өткөндөрдүн ичинде кеткен ызасы, бугу бир айтылсын, чогуу эскерели, унутпай жүрөлү, жалпы коомубуз ал окуялардан сабак алсын дедик... "Азаттык" көптөгөн илимий изилдөө макалалары аркылуу Үркүн туурасындагы жаңы архивдик маалыматтарды биринчилерден болуп калайыкка сунуштаганын белгилей кетүү зарыл. Бул китептин максаты - ар тараптуу жана калыс маалыматтарды сунуштоо аркылуу азыркы муундардын терең билимге ээ болуп, коом тарыхы жана турмушу жаатында ар тараптуу кабардар болуп, атуулдук коомдун мүчөсү катары жигери артышына огожо болуу" деп жазды китептин алгы сөзүндө "Азаттыктын" директору Венера Сагындык кызы.

Бул публицистикалык жана илимий-жамааттык жыйнакта улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана Үркүндүн тарыхы камтылган макалалар, ар кыл эскерүүлөр, маектер камтылган. Ичинде соңку архив таануу, булак таануу, фольклор таануу тарыхнаама, этнография жана башка өңүттөрдө иликтөө жүргүзүлүп келген илимий-популярдуу макалалар да бар.

Алардын баары 2016-жыл бою “Азаттыктын” сайтына атайын эскерүү долбоор болуп жарыяланып келген.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.

Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур тектүү далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.

Айрым орус жана украин тургундар Ысык-Көлдө кыргыздардын оторчулукка каршы боштондук көтөрүлүшү тарабына өтүшкөнү маалым.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

2015-жылы президент Алмазбек Атамбаев "1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Былтыр "Ата-Бейитте" жана башка жайларда 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө шейит кеткендерге жаңы эстеликтер тургузулуп, автоунаа жүрүшү уюштурулган.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин токтому менен август айынын биринчи жума күнү Улуу Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. (RK)