Текебаев-Чотонов соту: өкүм күчүндө калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаардык соту "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Шаардык соттун өкүмү айыпталуучулардын өздөрүн катыштырбастан алардын адвокаттарысыз чыгарылды. Сот өкүмдү окуй баштаганда залда отургандар буга нааразылык иретинде чыгып кетишти.